Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:41
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда качан өтөрү айтылды

11.06.2021 17:10
890
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда качан өтөрү айтылды

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2022-жылдын сентябрь айында өтөт. Иш-чараны өткөрүүнүн мөөнөтү пандемияга байланыштуу кийинки жылга белгиленди. Ага ылайык, Кыргызстан атайын маданий программаны даярдайт. Анда «Көчмөндөр ааламы» этнофестиваль уюштуруу каралууда. Каада-салт, үрп-адат, кол өнөрчүлүгүбүздү дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапарында жетишилген келишимдер тууралуу маалымат берип жатып.


Ал Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына расмий иш сапарынын алкагында кыргыз-түрк маданий байланыштарын чыңдоого багытталган бир катар келишимге кол коюлганын баса белгиледи.


Аталган келишимдерди ишке ашыруунун алкагында 2022-жылы эки өлкөнүн ортосунда Маданият жана искусство күндөрү өткөрүү пландаштырылууда.


Ошондой эле, театрлардын гастролдору, кино күндөрү, кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрүн уюштуруу, маданият кызматкерлерин окутуу жана тажрыйба алмашуу иш-чаралары камтылат.


Мындан тышкары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кыргыз-түрк маданий борборлору ачыларын маалымдады.


»Түркияда улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун, ал эми Кыргызстанда түрк дүйнөсүнүн даанышман, ойчул акыны Юнус Эмренин маданий борборлору ачылат. Түркия мамлекети менен маданий байланыштарыбыз терең. Биздин башатыбызды жалпы түрк элдерине жана түрк тилдүү мамлекеттерге тийиштүү орток мурастарыбыз бириктирип турат. Ошондуктан маданий борборлорду ачуунун максаты — эки элдин адабиятын таанытуу жана ал аркылуу коомду тарбиялоого, руханий азык тартуулоого түрткү берүү болуп саналат», — деп билдирди Кайрат Иманалиев.


Ал белгилегендей, кол коюлган келишимдерде улуттук спорттук оюндар боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө маани берилди.


»Көк-бөрү» улуттук оюнуна Түркияда кызыгуучулар абдан көп. Кыргыз-түрк «Манас» университетинде «Көк-бөрү» боюнча спорттук аянтча жасалып, ойнолуп жатат. Бул иш-чаралар түзүлгөн келишимди ишке ашырууга түрткү берет» — деди ал.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында сүйлөшүүлөр орун алды.


Министр кошумчалагандай, меморандумдун негизинде эки өлкөнүн билимдүү, демилгелүү жаштарынын катышуусунда форумдар өткөрүлөт жана жаштар уюмдарынын кызматташуусун жакшыртуу боюнча чаралар ишке ашыралат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн