Бугу 13, 2024
Убакыт: 17:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ибраим Нуракун уулу: Садык Шер-Нияз президент болсо кызмат сурабаймын

11.11.2020 15:03
534
Ибраим Нуракун уулу: Садык Шер-Нияз президент болсо кызмат сурабаймын


Урматтуу достор, кесиптештер! Президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Садык Шер-Ниязга пресс-катчы болупсуң, куттуктайбыз деп көптөрүңүздөр жазып жатасыздар. Чынында азыркы кыйчалыш учурда бийликтегилер да, бийликтен сырткаркылар да бири-бирин куттукташа турган шартта эмес. Шайырбек Абдырахман мырза экөөбүз бул кишиге эмгек акы сурабай эле жардамдашалы деп чечтик. Бир маданий ишмер деле чоң жарышка аттансын деп, татыктуулар таймашсын деп, ойлойбуз.


Ал эми биздин пресс-катчылык кызмат адаттагыдан бир аз башкача болот. Биз бул кишиге фанат болуп, берилип,  ашыкча көкөлөтүп мактайлы дегенден алыспыз. Тескерисинче, кандай кемчилиги болсо бетке айтып түзөтүп турабыз. Биз, Сакеме эч нерсе карыз эмеспиз, карыз да болбойбуз.


Жеке өзүм үчүн айтсам, Садык Шер-Нияз президенттик кызматка шайланып калса, андан кандайдыр бир мамлекеттик кресло сурабайм.


Андыктан, айрыкча, мугалимдер, доктурлар, журналисттер, жаштар, маданият кызматкерлери сиздерден да билимдүү адамды колдоо үчүн акысыз жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз.


Ошону менен бирге биздин колдоочулардан Садык Шер-Нияздын атаандаштарын кемсинткен, келекелеген же кара пиар менен шыбаган иш-аракеттердан карманууңуздарды өтүнөбүз. Биздин максатыбыз кандай жол менен болсо да жеңишке жетишүү эмес. Биз эң ириде өзүбүзгө, андан соң дүйнөлүк коомчулукка президенттик кызмат эмес, идея үчүн күрөшө алаарыбызды, таш менен эмес, баш менен күч сынашуу дараметибизди далилдегибиз келет.


Биз президенттикке ат салышкан ар бир талапкерди сыйлайбыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн