Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:26
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Ибраим Нуракун уулу: Садык Шердин чечими бизди нес кылды

02.12.2020 14:42
1412
Ибраим Нуракун уулу: Садык Шердин чечими бизди нес кылды


Ошентип, бүгүн президентикке талапкеликтен баш тарткан Садык Шер-Нияз мырзанын кеңсесин жаптык. Кесиптештер, мындан кийин Шер темасы боюнча Шайырбек Абдырахман экөөбүзгө кайрылбай эле койсоңуздар. Анын күтүүсүз чечими бизди деле нес кылды.


Бирок, ошого карабай Садык агабызга сый-урматыбыз бийик бойдон калды деп ойлойм. Чоң жарышка ошончо  аттанган соң, аягына чейин турса болот эле. Бул боюнча көп себептер расмий айтылды. Бирок айтылбаган жактарына кыскача токтолчу болсок, күрөшкө жеңиш үчү эмес, "мен булардан коркпойм" деген ички дымак менен чыгып алгандай. Себеби, маданият адамдары саясатчы-опг дегендерден күчтүү дегенди далидегиси келди окшойт. Биз деле ошол себептүү калыс адамды, калыс сөздөрдү элге жеткирүүгө кол кабыш кылдык.  Шакем экөөбүз кечээ "эми чыныгы себебин айтыңызчы, Садыр Жапаровдун бир пиала чайына эле ыраазы болуп калдыңызбы?" - деп бурчка такадык. "Балдар биринчиден үстөлдүн үстүндө уча деле бар болчу. Экинчиден, Садырды башында коом зэк, артында опг турат деп айтып атканда, мен да ошол сөздөргө ишенип өлкөмдүн тагдырын бандиттерге таштабайм деп чечим кабыл алгамын. Алмамбет досум элчилик кылып экөөбүздү сүйлөштүргөндөн кийин бул киши кылмыштуу топторго каршы чыны менен эле катуу турат экен дененге өзүм ынандым. Мындан мурда да ошондой кептерди угуп жаткам. Буга кошумча генерал Суваналиев Жапаровдун опг га каршы олуттуу иштерди баштады, деп интервью бергенде маалыматтар тастыкталды. Андай болсо, мен президенттик жарыштан көп болсо 5-6% добуш алат элем деп, ынтымагыбызды ыдыратып албайын дебедимби. Башкалар го мейли, экөөңөр ушуну туура түшүнүшүңөр керек эле го, жигиттер. Башынан эле айттым эле го, жеңиш же кресло үчүн эмес, идея үчүн чыктык деп.  Силер да менин жүрөгүмдү оорутпагылачы", - деп агынан жарылды. Биз ишенгендей болдук. Анын үстүнө бу чыгармачыл киши алдыңкы түнү уктабай:


Жүрөгүм ооругансып турабы дейм,

Ооруса ал өзүмдүн күнөөм чыгаар.

Оорумактан ал кургур токтоп калсын,

Ансыз деле киши жок үнүн угаар...


- деген саптарды жазып ийип, жакындарын чочулатты. Чынында эле жүрөгү ооруп калыптыр. Саясатчы эмес экенин, сапсайган чачынын учуна чейин маданият адамы экенин ушул жерден да көрсөтүп койгонсуду.


Шакемди, билбейм, бирок мен бу инсанды башынан эле баягы "Белое солнце пустыни" деген фильмдеги чачы сапсайган Верещагин деген каарманга окшоштура берем. Абдылланын бандасы аны менен сүйлөшпөй койгондо намыстанып кетип чакчелекейин чыгарат эмеспи:-)).


Бирок, чыныгы жашоодо атаандаштар тарабынан бири-бирин сыйлоо, кепке келүү деген нерселер болду.  "Абулла" деле көрсө бандит эмес экен дегенге көз жетти окшойт, азырынча.


Ошентип, биздин Верещагин эч ким менен согушпай эле кайрадан гүлдүү-бакчага оролгон коргонуна кирип кетти. Шакем экөөбүз болсо, Сухов менен Петрухадай болуп калдык "калем" деп аталган жалгыз винтовка менен. 


Учурдан пайдаланып, ушул кыска өнөктүк учурунда бизди колдогон, жардамдашкан, макала-интервьюлаларды уюштуруп, идеяларын айтып турган кесиптештерибизге терең ыраазылык билдиребиз. Шакем экөөбүз эч кимдин фанаты эмеспиз, болбойбуз дагы. Жөн гана журналистиканын катардагы аскери бойдон араңыздарда жүрө бермекчибиз. Узун пост үчүн кечирим сурайм:-))).


Ибраим Нуракун уулу


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн