Ибраим Нуракун уулу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси кызматынан кетти. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси кызматынан кетүүнү чечтим. Сиздер менен беш жылга жакын ачык-айрым, тыгыз байланышта иштедик. Баарыңыздарга ыраазылык билдирем", - деп жазган ал.
И.Нуракун уулу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына реформа жасап, анын ишин ачык-айкындуулукка алып келди. Өзүн реформатор кадр экенин далилдеп, парламент жыйындарын социалдык тармактар, маалымат каражаттары аркылуу түз алып берүүгө чоң салым кошту. Журналисттер менен эл өкүлдөрүнүн ортосунда "көпүрө" болуп, өз милдетин татыктуу аткара алды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн