Түп районунда адам өлтүрүүгө шектелип, 48 жаштагы жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 9-сентябрында саат 19:30 чамасында Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Түп райондук орууканасынан Түп айылындагы үйлөрдүн биринде европа түспөлүндөгү 40-45 жаштагы эркек киши каза болгону кабарланган.
Бул факт Түп РИИБде КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде айыпталып, алгачкы сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. 41 жаштагы К.Е.ни өзүнүн үйүндө киши колдуу болуп каза болгону болжолдонгон. Жансыз денесин тышынан кароо учурунда бети, башы, колдору жана кийимдери кан экени аныкталып, мындан тышкары криминалдык тактар бар болгон.
Түп РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Түп айылынын 48 жаштагы М.Т. аттуу тургуну кармалды. Ал өзүнүн кылган кылмыш иши боюнча күнөөсүн мойнуна алган.
Каза болгон К.Е. экөө спирт ичимдигин ичип отуруп, урушуп кетишкен. Ал аны колу-буту менен катуу сабап, тепкилеп, андан кийин ал жерден кетип калганын билдирген. М.Т. Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Азыркы тапта соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн