Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ички аскерлердин кызмат адамдары 20 млн сомду максатсыз пайдаланганы аныкталды

01.09.2023 18:29
343
Ички аскерлердин кызмат адамдары 20 млн сомду максатсыз пайдаланганы аныкталды


Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталды, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аскердик жабдууларды мамлекеттик сатып алууда КР ИИМдин Ички аскерлеринин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

КРнын Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилген материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Атайылап пайдасыз келишим түзүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала келтирилген чыгым 20 млн сомдон ашык каражатты түздү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн