Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ички иштер министри Ирандын Кыргызстандагы Элчиси менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады

15.02.2022 19:08
1112
Ички иштер министри Ирандын Кыргызстандагы Элчиси менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады


Бүгүн, 15-февраль күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харази менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


“Бүгүнкү күндө азыркы дүйнөдөгү глобалдашуу процесстери адамзаттын прогрессин алдыга жылдыруу менен бирге трансулуттук кылмыштуулуктун өсүшүнө оң таасирин тийгизүүдө. Тилекке каршы, кылмыш дүйнөсү технологиялык прогресстин глобалдык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү колдонуп жатат. Ошондуктан Ички иштер министрлиги үчүн укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндөгү маанилүү милдет кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында натыйжалуу эл аралык кызматташтыкты түзүү болуп саналат. Афганистанда болуп өткөн окуялардын негизинде терроризм жана экстремизм коркунучу гана актуалдуу болуп калбастан, баңги каражаттарынын жайылуу коркунучу да көбөйүүдө. Ушуга байланыштуу, учурдан пайдаланып, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелери менен алектенген байланыш бөлүмү же офицери менен түз байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөм. Анткени бул аталган багыттагы маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет”, - деп баса белгиледи ИИМдин башчысы.


Мындан тышкары, жолугушууда Ички иштер министрлиги ар дайым кандай гана маселе болбосун ар дайым талкулоого ачыктыгы жана бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экендиги белгиленди.


Өз кезегинде Ирандын элчиси Саид Харази мырза Иран тараптын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда жемиштүү кызматташууга даяр экендигин белгиледи.


Ошону менен бирге, Ирандын элчиси кыргыз тараптын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкчылыгын билдирди.


Жыйынтыгында, жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин чечүүгө достук жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде бардык негизги багыттар боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берет деген үмүтүн билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн