Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:28
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Өзбекстанга барды. Анда кандай маселелер көтөрүлдү? (фото)

23.03.2021 18:25
857
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Өзбекстанга барды. Анда кандай маселелер көтөрүлдү? (фото)


2021-жылдын 22-23-мартында ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков өзүнүн делегациясы менен Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Улан Ниязбековдун бул иш сапары ушул жылдын 11-12-мартында президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында болуп өттү .

 23-март күнү Өзбекстандын Ички иштер министрлигинде ИИМдин башчысы, милициянын генерал-лейтенанты Пулат Бобожанов менен расмий жолушуу болду.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде кылмыштуулук менен күрөшүү, тергөөдөн жана соттон изин жашырып качып жүргөндөрдү издөө, чек арага жакын аймактардагы кызматташтык, кесиптик тажрыйбалар менен бөлүшүүнү колго алуу, эки тарап тең кызыктар болгон башка багыттар боюнча меселелерди   талкуулашты.


Улан Ниязбеков жолугушуунун жүрүшүндө ички иштер органдарындагы реформанын жүрүшү, ишмердүүлүккө заманбап маалыматтык технологияларды киргизүүнүн ийгиликтери, кылмыштуулукту азайтуу жана укук бузууларды алдын алуу багытында махалядагы калктар менен иштөөнүн натыйжалары менен таанышты.


Иштиктүү баарлашуунун  жыйынтыгы менен тараптар тез арада сапаттуу жаңы деңгээлдеги кызматташууну ишке ашыруу үчүн тутумдуу жана узак убакыттуу чараларды кабыл алууга макулдашууга жетишишти.


Андан соң Улан Ниязбековдун жетекчилиги алдындагы кыргыз делегациясынын иш сапарынын жүрүшүндө Ташкент шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Өзбек тарап коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы аракеттенүү, алдын алуу инспекторлорунун ишмердүүлүгүн бул багыттарда жакшыртуу, андан сырткары  жол кыймылынын коопсуздугун комплекстүү башкаруу тутуму менен тааныштырып чыгышты.


Мындан сырткары Ички иштер министрлигинин делегациясы Наманган жана Фергана облустарынын ички иштер башкармалыктарынын ишмердүүлүктөрү менен таанышуу иш-чаралары болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн