Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:48
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ички иштер министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду (фото)

30.10.2023 13:38
320
Ички иштер министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду (фото)


Ички иштер министринин буйругуна ылайык төмөндөгү кызматкерлер жаңы кызмат ордуна дайындалышты.

ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.


Ал эми ошол эле буйруктун негизинде, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаров ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) башчысы болуп дайындалды.


"Жаңы дайындалган жетекчилер учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен карап, көйгөйлөрдү жеринен көрүп, аларды чечүү жолдорун таба алышат", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн