Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

14.03.2020 11:21
829
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.  


Маалыматка ылайык, 14-мартта Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын өздүк курамы министрликтин имаратынын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзгөн. Анда бир нече сааттын ичинде кышында топтолгон таштандылар тазаланып, ирээтке келтирилген.   Катардагы милиция кызматкерлери менен кошо ишембиликке кызматтардын, башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн башчылары дагы чыккан. Андан соң министрликтин ичин дагы ирээтке келтирип, тазалап, актап, көрктөндүрүү иштери жүргөн.


Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-марттан 31-мартка чейин шаарларды, калк жайгашкан пунктарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыялангандыгын эске салабыз. Бул чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн