Бештин айы 18, 2024
Убакыт: 11:36
USD
86.85
87.35
EUR
91.00
92.00
RUB
0.835
0.885

Ички иштер органдары унааларды каттабайт жана айдоочулук күбөлүк бербейт

18.12.2024 09:16
11
Ички иштер органдары унааларды каттабайт жана айдоочулук күбөлүк бербейт


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси “Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө” КР президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 240 жарлыгына ылайык Ички иштер министрлигинин курамынан чыгарылып, өз алдынча агенттик болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын милдеттерин тактоо максатында кабыл алынган.

Жогоруда аталган жарлык менен ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемеси министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлгөн.

Ушуга байланыштуу, бул кабыл алынган мыйзам менен ички иштер органдарынын милдеттеринин ичинен транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды жана окуу уюмдарынын окуучуларын мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону жүзөгө ашыруу, квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү, ошондой эле транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) милдеттери алып салынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн