Кыргызстанда ички авиа каттамды жакынкы күндөрү ачуу пландалган эмес. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр жана Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубат Боронов айтты.
Ал “аэропорттор, ички жана эл аралык каттамдар качан ачылат?” деген суроого жооп берди.
“Бул маселе жакында чечилет деп үмүттөнүүдөбүз. Өзүӊүздөр билгендей, эл аралык каттамдардын ачылышы бизден гана эмес, ошондой эле каттам калыбына келе турчу өлкөлөрдөн дагы көз каранды. Биздин коӊшу мамлекеттерибизде дагы абал ушундай, айрым өлкөлөрдө мындан да начар. Ал эми ички каттамдар боюнча, жакынкы күндөрү аларды ачуу пландалган эмес. Бул тууралуу айтуу азырынча эрте”, - деп жооп узаткан Боронов.
Пикирлер (1)