Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:57
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ички коопсуздук аскер кызматына чакыруу башталды (фото)

11.06.2020 13:57
1335
Ички коопсуздук аскер кызматына чакыруу башталды (фото)


Кыргызстандын аймагында жарандарды жазгы мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-июнунан баштап ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштады.


Аскерге жаңыдан чакырылгандар, аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн. Аларды аскер бөлүктөрүндө чоң салтанат менен тосуп алышты, ошол эле учурда коопсуздукту сактоо максатында жаңыдан аскерге чакырылгандарды COVID-19 вирустук инфекциясы боюнча атайын текшерүүдөн өткөрүштү.


Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана Ички коопсуздук аскер кызматынын катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң ар бир жоокер мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү аскер бөлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.


Быйылкы жазгы аскерге чакыруу көрсөткөндөй, жыл өткөн сайын Кыргызстанда Мекенди коргоо үчүн кызмат кылууга даяр жаштардын саны арбып барат, деп кошумчаланат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн