Кыргызстан юстиция министрлигинен саясий партия катары каттоодон өткөн уюмдар 200дөн ашат. Бирок, тилекке каршы бир дагы партия толук кандуу саясий партия болуунун талаптарына жооп бере албайт. Өкүнүчтүү. Анан дагы шайлоолор болордун алдында эле шашылыш түзүлө калган партиялар чыгат. Айрымдары шайлоодон жеңишке жетип, беш жыл парламентте отуруп эле жок болот. Айрымдары шайлоодон жеңишке жетпей калса эле болду, табылбай калат. Мунун өзү биздин өлкөдө партиялар парламенттен мандат алуу максатында гана түзүлө турганын түшүндүрүп турат. Кыргызстандын өнүгүп-өспөй жатканынын өзөгү мына ушунда.
Саясий партияларга тиешелүү эң негизги өзгөчөлүк – бул алардын идеологиялык багыты болушу керек. Тактап айтсак, болуп жаткан көрүнүштөргө, өткөн чак менен келер чакка өздөрүнүн көз карашы, мамлекет жана элдин жашоосун оңдоо үчүн так сунуш-демилгелери болушу шарт. Кандай саясат жүргүзөт, өнүгүүнү кайсыл жол менен жасайт?
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө парламенттик шайлоого ат салышып жаткан партиялардын биринин да конкреттүү идеологиясы жок болуп турат. Ар кошкондор, ар кандай пикирдегилер, позициядагылар бир партиянын алдына мандат үчүн гана биригип алышкан. Ал эми алардын беш жыл ичинде Кыргызстанда бейиштей жашоо куруп жиберебиз деген убадалары жөн гана мандатка жетүүнү куралы болуп турат. Андай убадаларды уга берип чарчадык, ишеним да жоголду.
Айрым партия лидерлери өздөрүнүн катарын жаңылап да үлгүрүштү. Анан «Биз жаңы дем, жаңы күчтөр менен шайлоого аттандык» деп турат. Эгерде партиянын идеологиясы болбосо, анда талапкерлердин тизмесин 100% жаңылап жибергенде деле эч нерсе өзгөрбөйт. Жалаң жаштардан, же жалаң аксакалдардан тизме түзсөң да өзгөрүү болбойт. Өзгөрүүгө, өнүгүүгө карай ачык-айкын жана реалдуу жолу көрсөтү - мына ушул партиянын башкалардан айырмасы болушу шарт.
Дүйнө мамлекеттеринде үч негизги саясий идеология бар. Алар – консерватизм, либерализм жана социализм. Радикалдуу формалары – фашизм, анархизм жана коммунизм болгон. Бул формалары туруктуулукту эмес, акыр аягы талкаланууну камсыздай турганын тарых тастыктады. Ал эми консерватизм, либерализм жана социализм дүйнөлүк практикада жемиштүү колдонулуп келатат. Булар бири-бирине кас эмес, болгону салт-санаага, баалуулуктарга, согуш жана тынчтыкка, салык саясатына карата мамилелери менен айырмаланат.
Европа өлкөлөрүндө узак жылдардан бери бийлике мына ушул идеологияларды карманган партиялар кезектешип бийликке келип жатат. Бийликке келген партия өзүнүн саясатын жүргүзөт, сырткы жана ички саясаттын принципиалдуу маселелерин чечет. Эгерде бул партиялардын бирөөсү абсолюттуу түрдө добуштардын басымдуу бөлүгүн алса, анда алар өкмөттү өздөрү түзөт жана өздөрү бийлик жүргүзөт. Эгерде алар салыштырмалуу бирдей добушка ээ болсо, анда коалициялык көпчүлүк куралат. Алар маанилүү маселелерди чечүүдө жалпы кызыкчылыкты жана жасай турган кадамдарды табышат. Партиялардын бири бийликте, башкалары оппозицияда болсо да көздөгөндөрү мамлекетти алдыга жылдыруу болот.
Кийинки шайлоодо бийликте турган партия жана оппозициядагылар кандай иштегенине жараша добуш алат. Эгерде бийликте турганы начар иштесе, анда шайлоодо аз добуш алып, оппозициядагылар менен орун алмашат. Мындай практика жүздөгөн жылдардан бери ийгиликтүү иштеп келет.
Демек, бизге жаңы бир ачылыш жасоонун кажети жок. Дүйнөлүк практикада ийгиликтүү иштеп келаткан ушул көрүнүштү гана туура пайдалануу керек. Башкача айтканда, партияларды депутаттык мандат алуу үчүн гана түзө калбастан, туруктуу идеологиялык багыты бар кылып түптөө зарыл. Ошондо гана бизде чыныгы атаандаштык жаралат. Ошондо гана курулай убадалар берилбейт. Ошондо гана партиядан партияга чегирткече секирик жасамайлар токтойт. Эң башкысы мамлекет өнүгөт.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн