Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ыдырыс Исаков кайсы иш боюнча суракка чакырылганы белгилүү болду

06.02.2023 09:56
604
Ыдырыс Исаков кайсы иш боюнча суракка чакырылганы белгилүү болду



Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаковдун милицияга чакыртылганы тууралуу түшүндүрмө берип, ал күбө катары суралганын билдирди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


"Өткөн жумада "ТикТок" социалдык түйүнүндө "Альберт" (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу "Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат" деген башкы темада кыскача видеоролик жарыяланган. Анда Ыдырыс Исаковдун дагы видеокайрылуусу дагы колдонулган. Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ыдырыс Исаков Ош милициясынын тергөө кызматына 5-февралда күбө катары чакырылды. Исаков "Альберт" деген атуулду тааныбасын, ал жерде колдонулган видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан бейтааныш адамдар монтаждап жасаганын, "уйгур мафиясын" билбесин айтты. Күбө катары суралган Исаков милицияда бир саатка жетпеген убакыт болду",-деп жазылган маалыматта.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн