Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Икрамов: ЕЭКтеги министрлер "кыйратабыз" деп 500-600 миң айлык алып, унчукпай отурат

14.04.2022 10:31
3071
Икрамов: ЕЭКтеги министрлер "кыйратабыз" деп 500-600 миң айлык алып, унчукпай отурат

Евразия Экономикалык Комиссиясындагы министрлер "кыйратабыз" деп 500-600 миң айлык алып, унчукпай отурат. Мындай пикирин бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.


Анын айтымында, министрлер Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин чек арадагы унаалардын тыгыны боюнча бир жолу да үн катып койгон жок.


"Мен өткөндө да ЕЭКтеги министрлердин маселесин кароо боюнча тапшырма бергенмин. Эч ким чара көрбөйт.

Алар 500-600 миң айлык алып, "былк" этпей отурат.

Кийинки жумада алардын маселесин палатада карашыбыз керек",- деди Икрамов.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Изден
Булардын айлыктары эмне мынча коп 500000-600000айлык алып эмне иш бутурот булар.
Мир
Туура