Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов автотранспорт каражаттарын милдеттүү түрдө камсыздандыруу тууралуу маселени кайрадан көтөрдү.
Депутат билдиргендей, элди мажбурлап унааларын камсыздандыруу туура эмес.
"Элди мажбурлап унааларын камсыздандыруу өзү туура эмес. Азыр жок дегенде ыктыярдуу болуш керек. Өкмөт эл өзү камсыздандырууну каалап кала тургандай кылып түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Дагы бир жолу кайталап кетейин, бул мыйзамды 2025-жылга жылдырыш керек",- деди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн