Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ыктыярчы болуп COVID-19 пандемиясында иштеп каза болгон Адинай Мырзабекованын эстелиги орнотулду

14.07.2021 08:38
731
Ыктыярчы болуп COVID-19 пандемиясында иштеп каза болгон Адинай Мырзабекованын эстелиги орнотулду

Кечээ, 12-июлда Кыргызстандын медициналык академиясынын жаңы жыйындар залында Адинай Мырзабекованын жаркын элесине арналып эстелик орнотулду.


Медакадемиядан билдиришкендей, ачылыш аземине академиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова, кызматкерлери жана Адинайдын туугандары жана курсташтары катышты.


Колодон жасалган бюсту Адинайдын 2021-жылкы бүтүрүүчү курсташтары орнотту.


Адинай Мырзабекова өткөн жылы 13-июлда коронавирус күч алып турган учурда каза болгон. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп, пандемия учурунда Бишкектеги стационарлардын биринде медайым болуп иштеген. Анын өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония, ага каза болгондон кийин "Эрдик" медалы берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн