Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ыктыярчы дарыгер, пакистандык студентке кол салууга шектүүлөр кармалды

21.07.2020 10:03
1141
Ыктыярчы дарыгер, пакистандык студентке кол салууга шектүүлөр кармалды


Милиция кызматкерлери тарабынан Пакистанжаранына кол салууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Кечээ, 19-июль күнү болжол менен саат 23:00дөр чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистандын 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу жараны арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган


Андан сырткары ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И. кайрылганОкуя болгон дарекке дароо Аламүдүн РИИБнин ыкчам тергөө тобу чыгышкан учурда урушка катышкандар окуя болгон жерден таркап кетишкендиги маалым болгон.


Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип, Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О. менен Бишкек шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Д.А. менен К.Б. аттуу жашоочулары кармалды.


Бул факты Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталган. Аламүдүн РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн