Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:29
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Коронавирус: Атайын эсепке 9 млн сомго жакын каражат чогулду

23.03.2020 15:03
734
Коронавирус: Атайын эсепке 9 млн сомго жакын каражат чогулду


Коронавирус илдетинин жайылуусуна каршы аракеттерди көрүү максатында өз ыктыяры менен жардам берүүнү каалагандар боюнча ачылган эсепке жалпысынан 8 млн 702 миң сом чогулду. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 23-мартта өкмөттөгү брифингде билдирди.


Анын айтымында, негизги эсеп Каржы министрлигинде ачылган. Ошондой эле эки мамлекеттик банкта: “Айыл банк” жана “РСК” банкында эсеп ачылып, акчалай жардам көрсөтүүнү калаган бизнес коомчулугунун мүчөлөрү, жарандык өкүлдөр, ишкерлер ушул эсепке которуп жатышат.


Жалпысынан 8 млн 702 миң сом чогулду. Азырынча бир дагы сом коротула элек. Каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңеш менен макулдашуулар жүргүзүлөт жана кайда жумшалып жатканы тууралуу жума сайын ачык маалымат берилип турат”, - деди ал.  

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн