Ыктыярчылар коомдук
фонддон Саламаттыкты сактоо министрлигине 5 тез жардам унаасын өткөрүп берди. Бул тууралуу
президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, тапшыруу иш-чарасына Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышты.
Тез жардам унааларын Саламаттыкты сактоо министрлиги зарылдыгына жараша бөлүштүрөт. Алар чукул жардам көрсөтүү жана бейтаптарды ташуу үчүн тиешелүү медициналык жабдуулар менен жабдылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн