Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ыктыярчылардан түшкөн жардам акчалар Каржы министрлигинде чогулуп жатат

23.03.2020 10:52
840
Ыктыярчылардан түшкөн жардам акчалар Каржы министрлигинде чогулуп жатат


Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жардам берүүнү каалаган ыктыярчылар топторунан түшкөн каражаттардын эсеби толугу менен Каржы министрлигине түшөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чынгыз Эсенгулов бүгүн, 23-мартта өкмөт үйүндө брифингдин жүрүшүндө билдирди.


Анын айтымында, өз ыктыярлары менен жардам берүүнү каалаган жарандар коомунан, ишкерлер жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн келип түшкөн каражаттар кайда чогулуп, кайда коротулуп жатканын тууралуу суроолор көп келип жатат.


Учурда жыйналып жаткан каражаттардын эсептеринин бир сому коротулбай Каржы министрлигине түшүп жатат. Канча каражатты кайсы тармакка жумшоо керек, канча сомду кимге бөлүш керек жана башка суроолордун бардыгы тиешелүү штабдын кеңеши менен чечилет”, - деди ал.


Ошондой эле Чынгыз Эсенгулов бул акчалардын максатуу пайланылышы боюнча коомдук кеңеш түзүлгөнүн айтты. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, жарандык коомдун жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү киргенин билдирди. Алар бул каражаттардын кандай коротулуп жатканын көзөмөлдөп турушат.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн