Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Илдет жуктурган 147 адам 5048 киши менен байланышкан

05.04.2020 10:53
832
Илдет жуктурган 147 адам 5048 киши менен байланышкан


Өлкө ичинде коронавирус аныкталган 147 адам менен байланыш болгон жалпы 5 миң 48 адам катталды, биринчи категорияда – үй-бүлөлүк байланыштагы адамдар 548, ал эми экинчи категориядагы байланыш 4500 адам. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 5-апрелде өкмөттөгү бирифингде маалымдады.


Министр билдиргендей, бүгүнкү күндө обсервацияда жаткандардын саны 1454 адам:

Бишкекте - 247;

Чүй облусунда – 79;

Ош облусунда – 246;

Ош шаарында – 30;

Жалал-Абад облусунда – 184;

Баткен облусунда - 468;

Нарын облусунда – 77;

Талас облусунда – 30;

Ысык-Көл облусунда - 93.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн