Баткен облусунда жана Сузак районунда илдетти жуктурган адамдар кичи ажыдан келгендер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков айтты
Маалыматка ылайык, ооруга чалдыккандар 45 жаштан 70 жашка чейинки адамдар.
"Коронавируска чалдыккан адамдардын абалы турукту. Эч кандай жөтөл жана ысытмасы жок . Сузакта илдетке чалдыккандар менен 1630 , Ноокатта 700 адам карым-катнаш кылган. Ал эми жаңы катталган 6 адам менен кимдер байланышта болгонун тактоо иштери жүрүп жатат", - деди Төлө Исаков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн