Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Илдетти аныктоочу тест-системалар боюнча маселе чечилди, - министр

05.04.2020 11:25
1013
Илдетти аныктоочу тест-системалар боюнча маселе чечилди, - министр


Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирус илдетин аныктоочу 71 миң тест-система бар, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 5-апрелде маалымат жыйында.


Анын айтымында, учурда 16 миң 396 тест пайдаланылган. Алардын ичинен 31 тесттен илдет аныкталып, ПЧР - анализге жиберилген, анын натыйжасында 5 учур тастыкталды.

Мурдагы күнү ПЧР - анализ үчүн тест-системанын 5 топтому алынды. Анын бары лабораторияларга жиберилди. Алардан 1100 анализ алса болот”, - деди министр.


Анын маалыматы боюнча, бүгүн Кытайдан тест-системанын 80 топтому (набор) келээри күтүлүп жатат. Кийинки жумада Россиядан 90 топтомун сатып алууну пландап жатышат. Ошондой эле Түркиядан ПЧР-анализ үчүн дагы тест-системанын 350 топтомун күтүп жатышат. “Ушуну менен диагноз маселелери боюнча көйгөйлөрдү чечтик, деп ойлойм”, - деди Сабиржан Абдикаримов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн