Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Илдетти токтотуу үчүн карантин узарышы керек, - Исхак Масалиев

28.04.2020 12:36
1859
Илдетти токтотуу үчүн карантин узарышы керек, - Исхак Масалиев


Учурда коронавирус жуктурган бейтаптардын саны 700гө чукулдады, эгер ооруну токтотууну кааласак карантиндин мөөнөтүн улантуу керек деп ойлоп атам, деди Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине комментарий берип жатып.


Эгер карантинди токтотсок кандай болот, ал жагын дагы ойлонуу керек. Эл кыйналып бүттү ага сөз жок. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги 20-24-апрель күндөрү туу чокусуна чыгат деп айткан эле, чынында ал абалга жете элекпиз. Сырттагы адамдар текшерилип бүтө элек, азыр чек өлкөдөн жуктургандарды, алар менен байланышта болгондор, анан дарыгерлер гана текшерилип аныкталып жатат. Ошондуктан туу чокусуна жетти деп айтуу азырынча эрте”, - деди Масалиев.


Депутат белгилегендей, Коопсуздук кеңеши жыйынга чогулуп, маселени талкуулап сунуш бериши керек, анан акыркы чечимди президент кабыл алышы шарт.   

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Уруят Ташматова
Мен карантинди узарылышы тараптамын. Анткени дунуйолук практикада карантинди узартып,корунуунун шарттарын так аткарып,уйдо отуруу ыкмасын туура сактаган олколордо оору жугузуп алгандардын саны кескин азайуу байкалууда. Экономикалык кыйынчылык онуккон мамлекеттерде деле оор абалга душар болуп жатат. Сабырдуу болуп,коронтинди узартып,короновирус эпидемиясынан арылуунун башка жолу жок. Кайырлуу жакшылыктар тилейм.