Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Илдетти жуктуруп алгандардын жеке маалыматтарын ачык айтуу сунушталды

01.04.2020 15:36
1009
Илдетти жуктуруп алгандардын жеке маалыматтарын ачык айтуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова бүгүн, 1-апрелде кезексиз жыйында коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жеке маалыматын жана жашаган жерин жашырбай ачык айтууну сунуштады.


Анын пикиринде, илдетти жуктуруп алып, учурда дарыланууга жаткырылган бейтаптардын аты-жөнү, фамилиясы, жашаган жерлери тууралуу маалыматты жашырып жатышат. 


Мен ачык-айкындуулук боюнча айткым келип жатат. Эмне себептен ачык айтпай жатасыздар? Муну жашыргыдай венерикалык оору эмес да. Эгерде бул жарандар ачык айтылса, жакындары, кошуналары, айылдаштары алдын ала чараларды көрүп, сактануу аракеттерине барышат эле да. Мурда-кийин ушул киши менен байланыш болгон адамдар болсо жоопкерчилик менен өздөрү барып текшерүүдөн өтүшөт эле. Ушул сунушту токтомго жазып койсоңуздар”, - деди депутат.


Ошондой эле ал токтом долбооруна жеке менчик лабораторияларга анализ алууга уруксат берүү боюнча пунктка эл өздөрү барып эмес, лаборатория адистери үйлөрүнө барып алсын деп кошумчалоо керектигин сунуштады.


“Себеби эл өздөрү барып тапшыра турган болсо кайра эле элдин чогулуусуна шарт түзүлүп калат”, - деди Мавлянова.


Учурда ЖКда “Валюталык инфляцияга жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жумагул
Ээ адамдар эмне деген шумдук. Жеке маалыматты элге жарыя кылып. Ал маалымат кимге кандай жардам берет.