Бугу 12, 2024
Убакыт: 06:35
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ылганбай таратылган маалымат коомдогу пессимизмди жаратып жаткан жокпу?

12.03.2021 10:45
1019
Ылганбай таратылган маалымат коомдогу пессимизмди жаратып жаткан жокпу?


Адам баласынын ийгиликтүү, же ийгиликсиз болору, биринчи кезекте анын башынын ичинде катылып жаткан ойлорунан көз каранды. Жакшы ойлор адамды шыктандырат, алдыга жетелейт. Улам жаңы бийиктиктерди багындырууга дем берет. Эгерде баштын ичинде таарыныч, кейип-кепчүү, жашоосуна нааразычылык сыяктуу терс ойлор толуп алган болсо, анда ал алдыга жылууга жол бербеген тушамыш болуп берет. Муну тоодой ийгиликтерди багындыра алган белгилүү инсандар айтып жүрөт. Адам канчалык кыйынчылыкка кабылса да, башкысы башынын ичин терс ойлорго толтуруп албашы маанилүү. 


Бул айтканыбыз жеке адамдарга тиешелүү. Ал эми коом – ошол жеке адамдардан куралат. Жеке адамдардын бактылуулугу үстөмдүк кылган жерде коом да бактылуу боло алат. Ал эми бактысыздар басымдуулук кылган жерде коом да ошондой болуп калат. 


Муну айтып жатканыбыздын себеби, бир топ жылдардан бери карай эле Кыргызстандын маалымат айдыъында маанай көтөргөн маалыматтарга караганда, маанайды чөгөрө турган маалыматтар арбып келет. Өзгөчө интернет айдыңында кимдир-бирөөнүн киши колдуу болгону, наристе кыздын өгөй атасы, же өз атасы тарабынан зордукталганы, өз жанын кыйган өспүрүмдөр, чон апасын өлтүрүп, өрттөп жиберген небере, жүрөк үшүн алган автокырсыктар, уурулук, каракчылык тууралуу маалыматтар жык толгон. Саясий темаларда да жакшы маалыматтар айтылбайт. Кайсы бир коррупцияга айыптуунун камалганы, анын элдин эсин эки кылган мүлктөрүнүн тизмелери жарыяланганын окуйбуз, анан эле алардын бири 100 миллион сом, дагы бирөөсү 50 миллион сом берип, үй камагына чыгып кеткенин көрөбүз. 


Экс-муфтий Максат ажы Токтомушевге байланыштуу маалыматтар да коомчулуктун көңүлүн чөгөрдү. Эгерде анын күнөөсү бар болсо, мыйзамсыз иш-аракеттер жасалган болсо, аны элге шардана кылбай эле, жоопкерчиликке тартып койсо кандай болот эле? Муфтийдин камалышы, анын тегерегинде айтылган түрдүү маалыматтар кандай болсо да динди бекем тутунган жарандардын жүргөнн бир тызылдатып албадыбы. Ошол эле убакта ислам динине да көлөкө түшө калганын кантип танабыз?


Кечээ, 11-мартта Жогорку Кеңеш Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун 94 депутаттын добушун менен 2-3-окууда кабыл алып беришти. Ага абакта жатат деп айтылып келген Дүйшөн Төрөкулов («Душка» каймана аты бар) да келип катышканын көрдүк. Болбосо, ал бир нече апта мурун эле УКМК кызматкерлери тарабынан колу аркага кайрылып, кармалганы тууралуу маалымат чыккан. Эгерде ал мыйзам долбооруна добуш берүү үчүн керек болсо, анда аны аз күн мурда колун кайрып кармашканы тууралуу маалыматты жарыялап эмне кереги бар эле? Аз күн мурда колу-буту кайрылып, кармалып отурган адамдын кайра парламентте мыйзам долбооруна добуш берип отурганын көргөн коомчулуктун маанайы кандай болушу мүмкүн?

 

Коррупцияга шектүүлөрдүн толтура мүлктөрүн алдын-ала эле коомчулукка жарыялап жиберүүдөн эмне пайда болуп жатат? Же ошол мүлктөрү толугу менен мамлекетке алынып жатабы? Жок, тизмелери жарыяланганы эле болбосо, мамлекетке алынганы боло элек. Андан көрө соттун чечими чыккандан кийин кайсыл коррупционердин кайсыл мүлктөрү мамлекеттин эсебине алынганы тууралуу маалыматтар берилсе, балким элдин маанайынын көтөрүлүшүнө таасир эте алмак. Алдын-ала тизмелерин жарыялап, мүлктөрдү камакка алып, анан кайра камактан чыгарып коюу менен сууга алып барып, кайра сугарбай алып келгендей эле маанайды чөгөрүп жатканын айтып коюшубуз керек. 


Кримчөйрөнүн төбөлдөрүнүн да укмуштай эле кармап жатабыз. Анан эле кайра үй камагына чыгып кетишүүдө. Бул деле элдин маанайы жакшы жакка бурган жок. 


Айтор, жалаң терс маалыматтар менен гана коомду сугарып жатканыбызды түшүнүп жатабызбы? Анан кайдан коомдо позитивдүү маанай болот? Элге айтыла турган жана айтылбай турган маалыматтар болот. Эч кандай сыры жок мамлекеттин күчү да жок. Мамлекетти күчтөнтүп, коомдук маанайды көтөрүү багытында кадамдар ташталышы зарыл. Таңдан кечке терс маалыматтарды гана окуп, көрүп жаткан жарандар кантип бактылуу боло алат? Кантип кабагы ачылат? Өзүбүздү өзүбүз жалаң негативдер менен азыктандырып, өзүбүздү өзүбүз жок кылып баратканыбызды акыры туюшубуз керек го.


Сагынбек Сатыкеев 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн