Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Илхам Алиевдин иш сапарына байланыштуу коомдук коопсуздукту миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

11.10.2022 10:15
323
Илхам Алиевдин иш сапарына байланыштуу  коомдук коопсуздукту миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт


 


Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгында, Чүй облусунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 10-октябрында Чүй ОИИББнын жыйындар залында, Азербайджан өлкө башчысынын Кыргызстанга болгон сапары учурунда, Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Жыйынга Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, Чүй облусунун шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Чүй ОИИББнын борбордук аппаратынын жетекчилери катышты.


Жыйында Чүй облусунун аймагында коомдук тартипти сактоого көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалыматтар берилип, Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев тарабынан ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздукту көзөмөлгө алуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Иш-чарага Чүй облусунун ШИИБнын миңден ашык милиция кызматкерлери тартылат. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн