"Медиахаб" порталынын журналисттери Бишкек шаарындагы эки даректе мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөр боюнча иликтөө жасаган.
Анда, курулуш компаниянын жетекчиси жеке менчик жерлердин ээсинин ишенимине кирип, аларга бир канча батирлерди убада кылган.
Үйлөр мөөнөтүнөн кеч болсо да курулуп бүткөн. Ошого карабастан жашоочулар коммуналдык кызматтар үчүн коммерциялык баа менен эсептерин толуктайт.
Ал эми мыйзамсыз курулуш боюнча Бишкек шаарынын административдик соту компаниянын пайдасына чечим чыгарган. Судья компаниянын ээси менен чайлашып жүргөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн