Бугу 06, 2024
Убакыт: 06:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Иликтөө жүрүүдө. Кумтөрдо оор жүк ташуучу техниканын айдоочусу каза болду

Иликтөө жүрүүдө. Кумтөрдо оор жүк ташуучу техниканын айдоочусу каза болду


Кумтөр кенинде оор жүк ташуучу техниканын 35 жаштагы айдоочусу каза болду. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан билдиришти.

Билдирүүдө кырсыктын чоо-жайы тууралуу эч нерсе айтылган эмес, бирок учурда адам өлүмүнө алып келген окуянын себептери иликтенип жаткандыгы айтылат.

««Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги жана эмгек жамааты каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Кызматкердин үй-бүлөсүнө тийиштүү көмөк көрсөтүлүп, материалдык жардам берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Компаниядан кырсыктын себептери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин кошумчалашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн