Бирдин айы 13, 2025
Убакыт: 16:35
USD
87.30
87.80
EUR
90.80
91.80
RUB
0.940
0.990

Иликтөө жүрүп жатат. Ошто ур-токмоктон окуучу каза болду

Иликтөө жүрүп жатат. Ошто ур-токмоктон окуучу каза болду


Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 12-февралда Кара-Суу РИИБге Манас айыл аймагындагы Каратай айылындагы мектептин 9-классынын окуучусу жыгылып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөө иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.


Териштирүү учурунда күбөлөр №39 орто мектептин окуучулары уруша кетип, 9-класстын окуучусу сабалып, эсин жоготуп кулап калгандыгын айтышкан. 


Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") боюнча иш козголуп, тергөөнүн алгачкы маалыматтары боюнча 9-класстын окуучусун сабаган делип ошол эле мектептин Р.Н. аттуу 18 жаштагы окуучусу кармалган. 

Шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн