"Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын" тизмедеги биринчи мүчөсү Илим Карыпбеков Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун кармалышы боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Суракматовдун кармалышы НДПК партиясынын алдыдагы шайлоочуна зор таасир этет.
"Мен НДПК партиясынын тизмесинде биринчи номерде турган мүчөсү катары президентке жана УКМКнын төрагасына кайрылмакчымын.
Азиз Суракматов бүгүнкү күндө да НДПК партиясынын штабынын жетекчиси. Анын кармалышы партиянын алдыдагы шайлоого катышуусуна зор таасир этет. Ал бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын аймагынан качып кеткен эмес. Ошондуктан шайлоонун эркин, таза өтүшүн камсыз кылуу үчүн Суракматовду үй камагына чыгарышыңыздарды суранам",- деди Карыпбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн