Азыр көп адам АША учурунда мен өлө куугунтукталгам, мени
жашатпай, ашмалтайымды чыгарган деп айтып жатышпайбы. Ойлосом чын эле экен
эй. Ошол учурда ошол адамдар чоң кызматта отурушуп, АШАны айга, күнгө теңеп
жүрүшсө биз ойлоптурбуз булар жыргап эле жашап жүрүшөт деп. Көрсө өлө
кыйналып, чын эле куугунтукталып жүрүшүптүр байкуштар десе. Ойлоп көрсөм
алардын арасында мен деле куугунтукталыптырмын жакшыле, просто жаштыгымдан көп
нерсени жакшы билбей калсам керек. Мисалы мен ещё как куугунтукталыптырмын
ыйолкиники десе! Өлөле куугунтукка кабылгам эсличо мындай жакшылап ойлонуп
көрсөм.
Бир эле мисал, устуканды кубалап барып, жок десең болбой алкымыңа чейин тыгып ийген че стоит! Куугунтук эмеспи? Ещё как куугунтук!
Ишим бар эле деп качып кетейин десең дагы болбой кубалап
келип сизден өткөн мыкты жок, сизге чейинкилер баары ит болгон, сиз кыйратып
жатасыз деген сыяктуу бал сөздөрдү угуп, ичиңден бул жөн эле голимый кошомат
экенин түшүнүп, бирок билмексен болуп, шек не давать кылып кыткылыктап күлүп
туруш оңой деп ойлоп атасыңарбы? Ничего неподобного! Ещё какой куугунтук!
Конокко чакырып алышып, атайын атказ бере албай турган түрлүү даамдуу тамактарды жасап, таң атканга чейин жедиришип, ичиңди оорутушуп, жарылайын, жарылайын деген абалга алып келиши куугунтук эмеспи? Бул адамкерчиликсиз кыйноо!
Такшто буга окшогон ат көтөргүс куугунтуктар көп эле болду. Айта берсем ыйлап уктай албай каласыңар ыйолкиники десе, ваще турбайбы булардын жашоосу деп.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн