Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 16:30
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Илим Карыпбеков: Мамлекеттик ишканаларды жеке жактарга бериш керек (видео)

11.05.2021 13:46
832
Илим Карыпбеков: Мамлекеттик ишканаларды жеке жактарга бериш керек (видео)

Мамлекеттик ишканалардын, мүлктөрдүн көбү жеке тараптарга берилиши керек. Мындай пикирин Илим карыпбеков Фесбук баракчасы аркылуу билдирди. 


Анын айтымында, мамлекетти өнүктүрүү үчүн жеке тараптарга берүү коррупциянын белин сындырат. 


"Бизде мамлекеттик ишканалар аябай көп. Бирок мамлекетке  алып келген кирешесинен чыгашасы көп. Жылдык бюджеттин 100 пайызынын ашып барса 30 пайызын мамлекеттик ишканалар берет, калганын жеке ишканалар төгөт.

Жөн эле популист боло бербей, ишканаларды белгилүү бир мөөнөткө жеке жактарга бериш керек. Ал өнүктүрсүн өзү да пайда көрсүн мамлекет да пайда көрсүн. Кийин мөөнөт бүтсө мамлекет ачык конкурстун негизинде башка тарапка өткөрүп бериши керек. 

Эң негизгиси жең ичинен бир компания менен сүйлөшүп алып кайра пайдасын көрүү эмес. Дүйнөгө таанымал компаниялар келип мисалы, "Манас" аэропортун өнүктүрсүн. Бизде бир жылга жетпей аэропорттун президенти алмашат. Ал өзүнүн адамдарын койгончо кызматтан кетет. Ушунтип эле айланып, өнүкпөй келе жатабыз",- дейт Карыпбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн