Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Илим Карыпбеков “Манас” аэропортун уяткарды

24.04.2021 09:07
1311
Илим Карыпбеков “Манас” аэропортун уяткарды


Бул учак Кыргызстанга учуп келиш үчүн эмне кылдыңыздар эле?, деп суроо салат “Манас” эл аралык аэропортунун мурдагы аткаруучу директору Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан.


“Бизге жаңы учуп келип аткан “Эйрбас А220” бул жакшы. Бул самолётту “Эйр Манас” жеке авиакомпаниясы лизинг боюнча өзүнө сатып алып жатат, анын көзөмөл пакети туристтик компанияга карайт. Компаниянын директору Талгат Нурбаев мындай сүйүнүчтүү жаңылыгы менен бөлүшүп, бактылуу болуп жатат, анын бул салымы эң маанилүү экени түшүнүктүү. 


А сиздер, “Манас” аэропорту буга кандай тиешеңиздер бар? Учакты сатып алууда сиздер да акча чыгарып койгонсуп, же бул самолётту сатып алуу үчүн “Эйр Манаска” скидка кылып бергенсип, Талгаттын ага мээси жетпей, сиздер анын сатып алуусуна түрткү бергенсип, пиар кылып жатасыздар. Кичине уялбайсыңарбы кесиптештер?”, - деп жазып калтырты Илим Карыпбеков.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн