Бугу 02, 2024
Убакыт: 08:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Илим Карыпбеков: Нарындагы жайыт талашуу жеткен айбанчылык!

06.06.2020 13:19
3902
Илим Карыпбеков: Нарындагы жайыт талашуу жеткен айбанчылык!


Нарында эки райондун жашоочулары Сөң-Көлдө жайыт талашып ачык тирешке чыгышты. Бул жеткен айбанчылык! Эмнеге?


1. Биз өзүмчүлбүз. Биз эбегейсиз кең тоо-талааларды толук кандуу, ырааттуу пайдаланмак турсун, айылдын чекесиндеги жайытты толук пайдаланганды билбейбиз. Биздин оюбуз боюнча жалгыз эле менин малым колтойгон жерди тебелеп, тепсеп, ойкелди-койкелди жүрө бериш керек. Килейген Сөң-Көлгө эки райондун эмес, ырааттуу, ынтымактуу, туура колдонсо Кыргызстандын жарым малы батып кетет.


2. Адамкерчиликтүү качты бизден. Биз сөзүбүз менен эле боорукер, тууганчыл, жердешчил, адамкерчиликтүү болуп калдык. Кыйын болуп кыргызым үчүн өлөм боло калабыз, ишке келгенде айгайлап коңшу тууганыбызды жайытка коёбербей элди мушташка чакырып жатабыз. Эй туугандар! Ошол эки райондун эли бири-бириңерге тууган гана эмес, карапайым, бөтөн эмес элсиңер. Аксакалдар алдыга түшүп сүйлөшүп алгыла жер жүзүнө шерменде болбой.


Кыргызга душман кереги жок, кыргыз ушинтип эле жеп коймой болдук бири бирибизди. Жаштар, ушундан үлгү албагыла, айбан чакырыкка көңүл бурбагыла. Уруш, талаш, тытыштан эч ким эч качан жыргап кеткен эмес. Уруштан эл-жер жоголуп кеткен.


Илим Карыпбеков

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Данияр
Маселени толук түшүнүп жазыңыз, мен сизди эл оозуна алынган мыкты адам дечү элем. Жалпы Кыргызстнды эмес туулган жериңиз Нарындын жерлерин таанып алыңыз. Уят.
Кожоев Чынгыз.
Сиз жагдайды жанынан келип тушунунуз да,сырттан туруп сын айтпай. Сон-Кол эмес Кум-Бел жайлоосу тууралуу кеп болуп жатат. Маалыматыныз жоктугу ушу да,анан" Уруш кайдан чыгат, атандын башынан чыгат" деген ушу да. Силер сыяктуу тушунбой туруп суйлогон создон чыгат!
Марс
Бул талаш маселе Сон-Кол участогу боюнча эмес ( ал жерде 4 райондун малчылары башынан эле жайлап келет), Кум Бел, Сары Жон суу, Чагылган жайлоолору+ кен иштетуу участкалары жайыт кыртышын талкалаган аймактар.
Эркинбек
Узонгу-Кууш,Каркыра кетип жатканда ушинтип талашсанар жарашмак.
Канат
Илим сен антип билбей аркайсыны тантыба биринчиден биз сон колду талашкан жокпуз так маалыматын жокпу антип чагымчылдык кылба сенин ишин болбосун уктунбу
Урмат
Сен биринчиден кайсы жайыт жонундо талаш болуп жатканын билип туруп, эки элдин ортосунда чагымчыл болбо,кайдагы Сон -Кол жайлоосун айтып жатасын,экинчиден ошондой эле кыйын журналист экенсин талаш болуп жатканын жерге келип чын- бышыгын билип туруп анан жаз!Эл акмак эмес,акмак деген киши озу акмак!