Садыр Жапаровдун электр тарифине болгон баасын көтөрүү сунушун колдойм. Мындай пикирин Илим Карыпбеков Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, бардык эле президенттер шайлоо алдында көтөрбөйбүз дей берет. Бирок абал менен таанышкандан кийин пикири өзгөрөт.
"Электр энергиясына болгон Акаевдин заманынын аягында эле башталган. Бакиев көтөрдү эле кууп жибердик. Атамбаев көтөрөйүн десе эл каршы чыкты эле олчойто карыз алып салды. Жээнбеков көтөрөйүн десе Атамбаев менен алышып жатканда ашыкча көйгөй каалаган жок. Эми Жапаров бааны көтөрөм десе баарыбыз шыбап жатып калдык. Бул айласыздан болуп жаткан кадам. Болбосо Атамбаевге окшоп карыз алып туруп, кетип калат. Садыр Жапаров бул кадамга барууга аргасыз. Мен өзүм сунушталып жаткан баадан төлөөгө даярмын",- деди Карыпбеков.
Пикирлер (1)