Бугу 09, 2024
Убакыт: 05:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Илим Карыпбеков Садыр Жапаровго кайрылып, эскертүү берди

10.05.2021 18:54
1049
Илим Карыпбеков Садыр Жапаровго кайрылып, эскертүү берди


Бул ll дүйнөлүк согушта вермахттын аскери СССРдин аскерин пленге түшүрүп бараткан сүрөт. “Ала-Тоо” аянтында Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишине арналып 2 күн илинип туруптур. Баардык жерде жарыяланып, эмне деген шермендечилик деп ызы-чуу болгондо алынды.

Ушундай эле көрүнүш мектептерибиздин биринде болуптур. Ал жерде плакатта вермахттын аскеринин шлеми жарыяланган.

Бул нерсе төмөнкүдөн кабар берет:

1. Албетте Бишкек мэрия кызматкерлеринин шалакылыгы, мэрдин көзөмөлгө албай, өзүнүн кызматына кайдыгер мамилеси.
2. Азыркы муундун Улуу Ата-Мекендик согушка маани бербей, алыскы тарыхтагы окуя сыяктуу кабыл алып, майрамды формалдуу эле өткөрүп калганынан кабар берет. Согуш эмне экенин билбеген муун согуш баштайт. Өткөнкү таджиктер менен болгон окуяда, биздин азыркы жаштар биринчи сүйлөшүүгө эмес, колуна курал алып атышууга даяр экендигин далилдешти. Мындай жүрүш менен кийинки чатактарда согуштун башталышын токтото албай калабыз.
3. Урматтуу Садыр Нургожоевич! Балким сизге көп маалымат жетпей жаткандыр, бирок сиздин түбүңүзгө оппозиция, туруксуз экономика, кымбаттоолор эмес эле, биринчи өзүңүздүн эле сабатсыз кадрларыңыз жетип коюшу толук мүмкүн болуп калганын байкап турабыз. Кадр тандоодо ишенимдүү, жакын адамдардан, профессионалдуулук, билимдүүлүк, сабаттуулукка өтөсүз деген ишеничтебиз.

Илим Карыпбеков, жарандык активист
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Туура