Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:55
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Илим Карыпбеков: Сиздер добушуңуздарды сатпай, накта патриот экениңиздерди билдирдиңиздер!

12.04.2021 14:59
1066
Илим Карыпбеков: Сиздер добушуңуздарды сатпай, накта патриот экениңиздерди билдирдиңиздер!


Бишкек шаардык кеңешине НАДП партиясынан талапкер Илим Карыпбеков добушун сатпай, өз каалоосу менен добуш берген шайлоочуларга кайрылып, аларга өзгөчө ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу достор! Кымбаттуу шайлоочулар!

НДПК партиясын жана жеке мени колдоп, добушуңарды бергениңиздер үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем! Сиздердин ишеничиңиздерди актаганга аракетибизди жумшайбыз. Өзгөчө ыраазычылыкты добушун сатпай, акча жана башка баалулуктарга алданбай добушун өзүнүн көңүлү, жүрөгү менен тандаган партияга, талапкерлерге берген шайлоочуларга арнайм! Сиздер аң сезимиңиздердин бийик, накта патриот экениңиздерди билдирдиңиздер!", - деп жазылат талапкердин социалдык баракчасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн