Коомдук ишмер Илим Карыпбеков Жогорку Кеңештин депутаттарына жооп берди.
Карыпбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу TikTok'ту жабууну сунуштаган депутат Шайлообек Атазовго жооп берди.
"Бардык социалдык тиркемелер колдонуучу кайсы темада көп көрсө ошол темадагы видеолорду жарнамалап, сунуштай берет.
TikTok'то дагы дал ошондой эле алгоритм иштейт. Ким жарым жылаңач кыздарды көрө берсе колдонуучунун аккаунтуна ошол багыттагы темалар чыга берет.
TikTok'ту жабыш мүмкүн эмес. Ал Түркмөнстанда иштеп жатат. Жапкан күндө да колдонуунун жолдору бар.
TikTok'ту жапкандын ордуна жакшы темаларды издеп 2 күн көрсө сөзсүз оңолот",- деди Карыпбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн