Жогорку Кеңештин депутаттарынын укуктары мурдагыдай болбойт. Алар эскиси сыяктуу күпүлдөй албайт. Мындай пикирин Илим Карыпбеков "НТС" каналынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жаңы парламент азыркыга караганда башкача болбойт.
"Парламенттин депутаттарынын саны азайган менен сапаты мурдагыдай эле болот. Бирок оппозициялык партиялар келсе, алар трибунаны сүйлөөчү аянт катары колдонот.
Эми мурдагыдай күпүлдөп министрлерди чакырып алып, ишенбөөчүлүк көрсөтө албайт, андай функциясы жок.
Мынданн ары болгону мыйзам чыгаруу милдети менен гана алектенет",- деди Карыпбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн