Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Илим Карыпбеков: Журналист Ыдырыс Исаков эл душманы

30.08.2021 11:30
4796
Илим Карыпбеков: Журналист Ыдырыс Исаков эл душманы


Жакынкы күндөрү журналист Ыдырыс Исаковдун Бишкектин түштүк тарабындагы хан сарайларды иликтеген видеосу жарыяланды. Анда Исаков бир нече ВИП-шаарчаларга барып ал жердеги хан сарайларды көрсөткөн жана шаарчаларла жалаң байлар менен саясатчылар жашайт деген.


Буга байланыштуу КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков Ыдырыс Исаковду эл душманы деп чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуусунда билдирди.


Илим Карыпбековдун айтымында, Ыдырыс Исаковдун иликтөөсү туура эмес болгон. Анткени ал кыйналып турган элге бүтүндөй бай адамдарды жаман көрсөткөн.


"Ыдырыс, сен эл душманы болдуң. Ар бир бийликтен үмүт артып, эми өнүгүп кетебиз деген элдин ишенимин жоготтуң.

Иликтегиң келсе конкреттүү бир саясатчыны кармап, иликтебейсиңби? Сен айткан шаарчада муштай кезинен бери эмгектенип, маңдай тери менен байыган адамдар бар.

Эми көтөрүлүш болсо, ошол жерди алыш керек дегендер пайда болду.

Алар бизнес менен, өндүрүш менен канча элди багып жатат. Алар кетсе ким багат элди? Иликтөө деген конкреттүү болуш керек. Ошол жерде жашаган саясатчыны кармап, сенин айлыгың 30 миң сом экен, кантип бул үйдү алдың дешиң керек эле. Анан бардык бай адамдарды жаман көрсөтпөй",- деди Илим Карыпбеков.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Камчиев Амирбек
Туура айтат!
Бир бала
Туура 100% кошулам сиздин созунузго👍мандай тери менен байыгандарда коп
Кыргыз кыз
Эн туура айткан Карыпбеков