Алгач салыштырууга көңүл бөлсөк. Курманбек Бакиевдин учурунда Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорлору тез-тез алмашып турган. Ар кай жактан келишкен “алаңгазарлар” эсибизде. Мисалы, Акүйдөн “десант” болуп түшкөнү ишти билбей, документтерге кол коюп жатып, аббревиатураларга түшүнбөй, “ППС деген эмне?” деп сурагандары да болуптур. Ошентип, келип кетишкен чоңдор – университет боюнча маалыматсыз саясатчылар да ректор болушуп, окуу жайдын таш-талканын чыгарууга жол чаап беришкен. Андан бери жыйырма жылга чукулдаса да ошол башаламандык уланып келатат...
Ал эми биз сөз кыла турган К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Абдылда Мусаев эмгек жолун ОшМУда окутуучулуктан баштап, андан кийин азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде улук окутуучу, доцент, декандын орун басары кызматтарын аркалап, 90-жылдары демократия заманы башталганда эмгек жамааты тарабынан декан болуп шайланган. Кыргыз филологиясы факультетинде билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө салым кошуп, жигердүү иштери менен көзгө көрүнгөн.
Убакыттын өтүшүнө карай жаш деканды ошол кездеги Бишкек гуманитардык университетинин ректору Ишенгүл Болжурова чакырат. Тажрыйбалуу кадр кайда болбосун бааланат тура. Ал жерде А.Мусаев эл аралык билим берүү борборунун директору болуп иштеп, университеттин тышкы байланыштарын бекемдеп, чет мамлекеттердин мартабалуу университеттери менен окуу жана илимий иштер боюнча келишимдерди түзүп, алгылыктуу кызматташууга жол ачылат. Андан кийин университеттин проректор кызматына дайындалып, окуу-уюштуруучулук иштерин жөнгө салып, окутуучулук-профессордук жамаат менен тыгыз байланышта иштеп, билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө жетишкен. Университетте сырттан окуу институтунун иши жүрбөй, артта калган участок катары эсептелип келсе, ушул кедерине кеткен структурага А.Мусаев жөнөтүлүп, ал сырттан окуу институтунун директору кызматына дайындалат. Баардык жагында башаламандык өкүм сүргөн бул институттун ишин ондоого бел байлап, жеңин түрө киришип, жаңы адистиктерди, программаларды ачып, студенттердин контингентин көбөйтүп, жалпы коллективдин айлык маянасын көтөрүп, алардын сапаттуу билим берүүсүнө, илимий чыгармачылык иштерине жакшы шарт түзүп, камкор жетекчи, менеджер катары калыптанып, эмгек жамаатынын сүймөнчүгүнө айланат.
2005-жылы Бишкек гуманитардык университетине ректордун милдетин аткаруучу катары көп сүйлөгөн Жолборс Жоробеков дайындалып, ошол эле жылдын аягында шайлоо өткөрүлөт. Кесиптештери А.Мусаевдин талапкерлигин Ж.Жоробековго альтернатива катары көрсөтүшүп, каттоодон өтөт. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн менеджер башкаруучу А.Мусаев шайлоодо 70 пайыздан ашык ишенимге арзып, утуп, БГУнун ректор кызматына дайындалат. Эмгек жамаатын жакшы билген жаңы жетекчи университетте ишти билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү, академиялык тазалыкты орнотуу сыяктуу негизги багыттар менен аракеттенип, тажрыйбалуу, абройлуу дипломат Ишенбай Абдуразаковду ишке тартып, мударис Кусейин Исаевди лекция окутуп, белгилүү партиялык ишмер жана журналист Тилектеш Ишемкуловду кеңешчи кылып алууга жетишкен.
Айтмакчы, Абдылда Мусаев билим берүү жана илим министри катары алгылыктуу план, программалары менен иштөөгө, чыныгы реформанын үлгүсүн көрсөтүүгө жетишпей калганын учкай келтирели. Баягы эле “саясый себептердин” негизинде кызматтан кетүүгө аргасыздык жаралып, баса берген...
Ал жетекчилик кылган жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин рейтинги көтөрүлүп, ЖОЖдорду баалоо индикаторлорун өнүгүүнүн сап башына чыгарганы анык. Алдыга озгон. Мыкты жетекчи катары Кыргызстан ректорлорунун ассоциациясынын төрагасы болуп шайланат. Анын демилгеси менен Россия-Кыргызстан ЖОЖдорунун ректорлорунун форуму Бишкекте 2019-жылы өткөрүлгөн. Быйылкы жылдын 17-22-октябрында Кыйтайда ректорлор ассоциациясынын жыйыны Сиянь шаарында А.Мусаевдин жетекчилигинде өткөнү турат. Келечекте Өзбекстандын ЖОЖдорунун ректорлору менен да ушундай форумду уюштуруу пландалууда.
Абдылда Мусаевдин илимге кошкон салымы да чоң. Азыркы кыргыз адабияты, адабият тарыхы, адабий байланыштар, салыштырма адабият таануу багыттары боюнча 150дөн ашык илимий эмгектердин автору. Анын калеминен 100гө жакын илимий, педагогикалык маанайдагы эмгектержаралган. Алардын ичинде 3 монография, 4 окуу китеби, бир катар программалар, окуу-методикалык куралдар бар. А.Мусаев түзгөн программа жана окуу китептери аркылуу кыргыз адабияты предмет катары орус тилдүү мектептерде окутула баштады. Анын «Интернациональное в художественном образе», «Всматриваясь в мир инонациональных героев» ж.б. эмгектеринде кыргыз адабиятындагы улуттуулук жана улут аралык маселелери кылдат изилденсе, «Азыркы кыргыз сынынын кыймылы: жаңылануу жана эскинин күүсү», «Кош, түбөлүк мамлекеттик жазуучу, же рынок адабияттын ырыбы же ыйыбы?» өңдүү макалаларында улуттук көркөм сындын абалы, ал эми «Жаңылануу драматизми», «Азыркы кыргыз романынын поэтикасы» аттуу китептеринде кыргыз прозасындагы «поэтика» маселеси ар тараптан иликтенет.
Абдылда Мусаев көркөм мурас айдыңында Түгөлбай Сыдыкбековду таануу илиминин өнүгүүсүнө чоң эмгек сиңирди. Бул багытта кыйла макалалар, окуу-методикалык куралдар жаралды. Бөтөнчө анын «Түгөлбай Сыдыкбеков: «Адам тагдыры жана чыгармачылык тагдыр» аттуу фундаменталдуу эмгегин белгилөөгө болот. Мында биринчи жолу Т.Сыдыкбековдунроман жаратуу багытындагы эстетикалыктажрыйбасы системалуу түрдө изилденип, идеологиялык диктанттан бошогон азыркы илимдин бийиктигинен кайрадан таразаланып каралды.
Ток этерине келсек, учкай кеп улоо менен Абдылда Мусаевдин профессионалдык ишмердигине, жетекчи катары уюштуруучулук жөндөмүнө жана илимдеги өзгөчө изине токтолдук. Албетте, биздин эсибиздеги ирмемдерди ортого салып, айрым гана барактарды ачтык... Илим чалкыган деңиз болсо, Абдылда Мусаев андагы кеменин капитаны катары жарым кылым убакыттан бери чаалыкпай келатат.
Пикирлер (2)