Илимбек Аттокур уулу №26 Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин койду. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы Аттокур уулун 24-апрелде №26 Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары каттоодон өткөргөн.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата аталган шайлоо округунан 26 талапкер депутаттык шайлоого катышуу үчүн каттоодон өттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн