Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Илимпоздор мээдеги жашартуу ыкмасын табышты

07.02.2020 16:50
862
Илимпоздор мээдеги жашартуу ыкмасын табышты


Илимпоздор мээдеги клеткаларга нейрондорду кѳбѳйтүү ыкмасы аркылуу, карылык процессин  басаңдатуу менен, алсыздап бара жаткан таанып-билүү функциясын калыбына келтирерин аныкташты.

Улам жаш улгайган сайын мээнин тез ийкемдүү иштеши басаңдайт.Таанып-билүү, эске тутуу, кайсы жерде жүргѳнү тууралуу багыт алуу жөндөмү тѳмѳндѳйт. Кѳпчүлүк учурда бул нейрондордун алсызданышына байланыштуу. Ал эми мээ клеткаларында жаңы нейрондор пайда болбойт. Нейрондор мээнин жакшы иштешин камсыздайт.

Немец окмуштуулары, профессор Федерико Калегаринин жетектѳѳсү менен, Дрездендеги  Дарылоо жана калыбына келтирүү техникалык университетинде мээдеги клеткаларга тассир берүү аркылуу, таанып-билүү, эске тутуу жѳндѳмдүүлүктѳрү кандай ѳзгѳрѳрүн аныкташты. Атайын инъекциялар менен нерв клеткаларынын активдүүлүгүн жогорулатып, булчуңдардын иштешин жакшырткан. Бул ыкма жаңы нейрондордун пайда болушуна шарт түзүп, карылардын мээси жаштардын мээси аткарган функцияларды аткарып калган.

Окмуштуулардын баамында жаныбарларга жүргүзгѳн бул ыкмада, жаңы нейрондор активдүүлүгүн сактап, ошол чѳйрѳдѳ жашап,кошумча клеткалардын пайда болушуна шарт түзгѳн. Ал эми кары адамдардын мээсиндеги алсыз болуп, жабыркаган клеткалар, булчуңдар, калыбына келип, жаштардын мээсиндей жакшы иштеп калган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн