Илияз Ташбаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин Ильяз Ташбаев КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Аналитика жана пландоо башкармалыгынын начальниги болуп иштеп келген.
Ал ошондой эле Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн