Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Талас-Тараз-Суусамыр жолунун эмнеге азыркыга чейин бүтпөй жатканына кызыкты. Бул тууралуу депутат бүгүн комитеттин отурумунда билдирди.
Транспорт министринин орун басары Талант Солтобаев башкы келишим түзгөн мекеме менен ортомччу мекеменин ортосунда экономикалык келишпестиктер бар деп жооп берди.
""Чакыр Япи" компаниясы бул долбоордун башкы келишим түзгөн компаниясы болуп саналат, компания үчүнчү фаза боюнча тендерди 22 миллион долларга утуп алган",- деди депутат.
"15 миллион долларга алар ортомчу жалдашкан. Көрсө, алар абадан 7 миллион доллар иштеп тапкан экен. "Чакыр Япы" Интерпол тарабынан издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине Өзбекстанда киргизилген жана ал тендерди утуп алган. Бул жерде аларга ким жардам бергенин айтып берем. Бул компания тендерди Икрамжан Илмияновдун эсебинен утуп алган", - деди депутат.
Пикирлер (2)