Америкалык ишкер Илон Маск Tesla компаниясы бир млн Optimus адам сымал роботторунун армиясын түзүүнү пландап жатканын, аларды толук масштабдуу өндүрүү 2026-жылдын аягында башталышы мүмкүн экенин билдирди, деп маалымдайт Wired басылмасы.
"Мени эң биринчи кезекте Tesla'дагы добуш берүүнү канчалык көзөмөлдөй алам деген нерсе тынчсыздандырат: эгер мен бул чоң роботтор армиясын курсам, келечекте кайсы бир учурда четтетилип калбаймынбы?... Эгер биз бул роботтор армиясын курсак, мен ага жок дегенде олуттуу таасир эте аламбы? Көзөмөлдөө эмес, тактап айтканда, күчтүү таасир көрсөтүү... Эгер менин күчтүү таасирим болбосо, бул роботтор армиясын түзүү мага ыңгайсыз", - деп келтирет басылма Масктын Tesla инвесторлору менен болгон жолугушуудагы сөздөрүн.
Белгиленгендей, шаршемби күнү Маск Tesla компаниясы Optimus'тун "сериялык прототибин" 2026-жылдын февраль же март айларына даярдай турганын айтты. Анын айтымында, роботторду толук масштабдуу өндүрүү кийинки жылдын аягында башталып, роботтордун саны бир миллионду түзөт.
Май айынын аягында Маск Optimus таштанды чыгаруу, шыпыруу, чаң соргуч менен тазалоо, тамак жасоо жана пардаларды тартуу сыяктуу негизги тиричилик иштерин аткарган видеону жарыялаган. Ошондо ишкер бул долбоорду "мурун болуп көрбөгөндөй эң улуу продукт" деп атаган. Ишкер ошондой эле роботтун нейротармактын аркасында татаал жерлерде жүрүү, бийлөө, ошондой эле кунг-фу стилинде мушташуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн