Tesla жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск байлыгы боюнча Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безостон өттү. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар CNBS каналына жана Bloomberg агенттигине шилтеме кылып жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай Масктын байлыгы 185 миллиард дооларга жеткен. Ал эми Безостуку болсо 184 миллиард долларды түзгөн.
Bloomberg агенттиги дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингин күн сайын жаңылап турат.
Мындай маалыматты окуган Маск: "Кызык, анда дагы иштейли",- деген билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн